Домой Укук Кримтөбөл «Женго» абактан чыкты

Кримтөбөл «Женго» абактан чыкты

74

Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, кримтөбөл Кадыр Досонов үй камагына чыкты. Бул тууралуу Ош облустук сотунун маалымат катчысы Айпери Туратбек кызы билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-декабрда Досоновдун иши тергелип бүтүп, Кара-Суу райондук сотунун өндүрүшүнө алынган. 17-декабрда айыпталуучунун жактоочусу Досоновдун бөгөт чарасын карап, үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Сот аны канааттандырган.

Басма сөз кызматынын кабарлашынча, Досоновдун иши боюнча алгачкы отурум, 5-январга дайындалган.

Ушул жылдын 10-февралында Ички иштер министрлигинин органдары менен биргеликте Кадыр Досоновдун турган жерин аныктоо боюнча «перехват” планы жарыяланган. Андан соң Кадыр Досонов Ошто УКМКга өзү келген.