Домой Экономика Элдар Абакиров: ККМ менен иштегенди үйрөнүш керек

Элдар Абакиров: ККМ менен иштегенди үйрөнүш керек

66

Бир катар соода түйүндөрүнүн сатуучулары ККМди колдонууну киргизүүгө каршы чыгып, нааразычылык акциясын өткөргөн.

Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров азыркыдай шашылыш чечимдер менен бизнести көмүскөдөн алып чыгуу оор экенин айтып жатат. Ал соодагерлердин эмне себептен контролдук кассалык машинага (ККМ) каршы болуп жатканын мындай түшүндүрдү:

“Жылдык жүгүртүү 8 миллион сомдон ашпаса салык 0 болот. Бирок андан ашса мыйзамда көрсөтүлгөндөй төлөш керек. Бул сумма азыр патентке кеткен акчадан алда канча көп. Негизи азыркы процесстен акыры өтүшүбүз керек. Мен муну колдойм. Бирок өкмөт дароо айып пул салып кыйнабай, жарым жылга чейин убакыт бериш керек. Анткени ККМ менен иштегенди үйрөнүш керек. Бул дүйнө жүзүндөгү практика. Ошол эле учурда салыктардын бардыгы толук төлөнгөндө товарлар 5-10% кымбаттайт. Себеби өзүнүн кирешесине 12% кошумча нарк салыгын (КНС) кошот да. Буга чейин патентке эле төлөп, КНСти төлөбөй келген”.

Элдар Абакиров мындан тышкары бул иште коррупциялык тобокелчиликтер жогору экенин айтып, муну Салык кызматына мурдагы Финансы полициясынын укуктары берилип жатканы менен түшүндүрдү.