Домой Укук Чүй райондук милициясынын жетекчилиги жарандар менен тыгыз кызматташуунун аракетинде

Чүй райондук милициясынын жетекчилиги жарандар менен тыгыз кызматташуунун аракетинде

10

2021-жылдын 17-декабрынан 22-декабрына чейин жашы жете электер арасындагы кылмыштуулукту жана укук бузууларды алдын алуу максатында Чүй райондук милициясы менен жергиликтүү усулдук билим берүү мекемеси тарабынан мектеп окуучулары арасында «Биз зордук-зомбулукка каршыбыз!» аталышындагы дилбаян жазуу боюнча сынак жарыяланган. Анын жыйынтыгында эң мыкты дилбаян жазган 6 окуучу тандалып алынган. 24-декабрь күнү жеңишке жеткен 6 окуучу менен Чүй РИИБдүн начальниги милициянын подполковниги Эрлан Исмаилов жолугуп, мактоо баракчаларды тапшырып, милициянын күнүмдүк иши жөнүндө жылуу маек куруп берди. Ошондой эле, сынакта жеңген окуучуларга окууларына ийгиликтерди каалап, келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады.

Ошондой эле, 2021-жылдын 23-декабрь күнү Чүй районунун ИИБдүн кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен Арал айылынын жашоочулары менен жолгушууларды өткөрүп, кылмыштуулукту жана укук бузууларды алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүштү.

Жолугушуу учурунда милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундардын ИИОнун жумушуна байланыштуу кайрылууларын, ошондой эле башка социалдык маселелер боюнча билдирүүлөрүн угушуп, жергиликтүү тургундарга тиешелүү кеңештерди беришти. Андан сырткары, уурулук жана башка кылмыштарды алдын алуу үчүн чараларды көрүү боюнча эскертмелер берилди. Чүй РИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө боюнча инспекторлору тарабынан өспүрүмдөр арасындагы тартип бузууларды алдын алуу, түнкүсүн ата-энесинин жана жакындарынын коштоосу жок көчөлөрдө жүрүүсүнө жол бербөө үчүн балдарга көзөмөлдү күчөтүү, аларды пайдалуу нерселер менен алектендирүү зарылдыгы эскертилди.

Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы