Домой Жаңылыктар Тогуз-Тородо милициянын көчмө кабылдама унаасы эл кызматын аркалап келет

Тогуз-Тородо милициянын көчмө кабылдама унаасы эл кызматын аркалап келет

19

Тогуз-Торо РИИБдин начальниги Т.Сабырканов баштаган топ милициянын көчмө кабылдама унаасы менен Каргалык айыл аймагына барышты. Алар жергиликтүү тургундардын көйгөйлүү маселелерин жеринде угушуп, юридикалык кеңештерин беришти. Кылмыштуулуктун, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун, суицид, эрте никеге туруу  жана өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча жеринде  түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Жаш өспүрүмдөрдү себепсиз түнкү убакыттарда көчөгө чыгарбоо, мал уурулуктарынан сак болуу зарылдыгы эскертилди.

Ошондой эле жарандарга сервистик тейлөө көрсөтүүнүн алкагында Тогуз-Торо районунун тургундары үчүн жасалып жаткан иштер боюнча маалыматтар берилди. РИИБдин имаратында “Бирдиктүү терезе” мамлекеттик тейлөөлөрдү көрсөтүү борбору ачылгандыгы, бул жайдан соттуулугу боюнча тактамаларды алуу мүмкүнчүлүгү жаралгандыгы айтылды.

Белгилей кетсек Тогуз-Торо РИИБдин милициянын көчмө кабылдама унаасы 2021-жылдын 11 ай ичинде 60 жолу аймактарды кыдырууга чыгып, 84 жарандан ар түрдүү мазмундагы кайрылууларды кабыл алган.

 

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы