Домой Жаңылыктар Саясатчы Бактыбек Калмаматов камалды

Саясатчы Бактыбек Калмаматов камалды

25

Саясатчы, парламенттин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов УКМКнын тергөө абагына 48 саатка камакка алынганын анын адвокаты Айым Камчыбекова айтып чыкты. Улуттук коопсуздук комитети Калмаматовго «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу» беренеси менен айып таккан.

«Бул ойдон чыгарылган айып. Элдин баары анын видеолорун көргөн. Эч кандай араздашууну козутуу жок. Жалгыз оппозициялык саясатчыга карата куугунтук», — деди адвокаты.

УКМК азырынча расмий маалымат бере элек.