Домой Жаңылыктар Түркия Тажикстанга «Байрактар» учкучсуз учактарды сатып алууну сунуштадыбы? Текшеребиз

Түркия Тажикстанга «Байрактар» учкучсуз учактарды сатып алууну сунуштадыбы? Текшеребиз

181

19-декабрда kabarlar.org басылмасына Түркия Тажикстанга «Байрактар» учкучсуз учактарды сатып алууну сунуштагандыгы тууралуу макала жарыяланды. Маалыматта Тажикстан аскердик кызматташтыкты бекемдөө үчүн расмий Анкарадан сунуштама алганы айтылат.

Бул канчалык деңгээлде чын экенин «Т-Медиа» редакциясы текшерип көрдү.

kabarlar.org маалыматты News-front.info аттуу агенттикке шилтеме берип жазган. Аталган сайт фейк жаңылыктарды байма-бай чыгаргандыгы аныкталды. Google системасын колдонуп, «Байрактар» Кыргызстанга сатылганын аныктайбыз.

Мындан тышкары Түркия президентинин расмий сайтынан да издейбиз. Бирок Тажикстанга берилген сунуштама тууралуу тиешелүү маалымат табылган жок. Ал эми Стамбулдагы «Кыргыз түрктөрү» коомунун жетекчиси Абдулметин Кескин «Т-Медиага» интернетке тараган маалыматты фейк деп атады.

«Түркиянын сайттарында мындай маалымат жок. Бул боюнча өкмөттүн расмий билдирүүсү да чыккан жок. Эки күндөн бери жергиликтүү басылмалар Кыргызстанга берилген учактар тууралуу гана жазып жатышат», -деди Кескин.

Жыйынтык: Түркия Тажикстанга «Байрактар» учкучсуз учактарды сатып алууну сунуштагандыгы тууралуу маалымат — фейк.