Домой Жаңылыктар Нарында таштандыны кайра иштетүүчү завод курулат

Нарында таштандыны кайра иштетүүчү завод курулат

27

Жакында Нарында таштандыны кайра иштетүүчү ири долбоор ишке ашат.
Аталган долбоор бүгүн, 20-декабрда Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында өткөрүлгөн жыйында презентацияланып, “Рэндом” жоопкерчилиги чектелген коомунун генералдык директору Мирбек Раимов менен Нарын районунун Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек Бектуровдун ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду.
Буюрса таштандыны кайра иштетүүчү завод Нарын шаарынын чыга беришиндеги Нарын районунун Эмгекчил айыл аймагына тиешелүү санитардык полигонуна курулат.

Заводдун курулушу 2022-жылдын январь айында башталып, май-июнь айлары менен ишке берилээри пландалууда.

Долбоордун эксперти Александр Гусевдин айтымында, долбоордун алкагында көп жылдан бери чогулган катуу калдыктарды жылуулук менен утилдештирип, кайра иштетүүчү завод курулат. Бул завод экологияга зыянын тийгизбейт. Заводдон чыккан электр жана жылуулук энергиясын калктын тиричилиги үчүн арзан баада максаттуу пайдаланууга болот. Жайкысын таштандыны иштетүүдө жылуулуктун ордуна кондиционер менен муздак аба чыккандыктан аны да туура пайдаланып, мал союучу жайларды курууга ыңгайлуу. Мындан сырткары күнөскана, кампа, логистикалык обьектилерди куруу планы бар.

Завод курулса суткасына 20 тонна таштандыны күйгүзүп жок кылуу мүмкүнчүлүгү болот. “Таштанды калдыктары түгөнсө бара-бара башка өнүккөн мамлекеттердей элден сатып алуу жолу каралат”,-дейт долбоордун эксперттеринин бири Ильич Кулназаров. Ал ошондой эле долбоорду Нарынга тартып келүүдө облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаевдин жана нарындык жеке ишкер Мирбек Раимовдун эмгеги зор экендигин билдирди.
Жыйында облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаев бул абдан келечектүү долбоор экендигин баса белгилеп, бардык тарабынан колдоо көрсөтүүнү жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана тиешелүү мекеме жетекчилерине тапшырды.
КР Президентинин Нарын обусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.