Өзүнүн спикерликке баруу тууралуу планы таш капкан соң, ар кайсы сайттарга Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосунда келишпестик пайда болуп,
Ташиев кызматтан кетүүго аргасыз болду деген жалган маалымат тарата баштады.
Мындан бир аз убакыт мурун ошол эле сайттар аркылуу өзүн мактатып, спикерликке ушул гана жарайт дедиртип пиар кылган эле.
Бир мандаттуу округдан шайланып келген депутаттарга чакан кабинет бөлүнгөн, ал эми партияларга чоңураак . Анткени алар комитеттин, фракциянын жыйындарын өткөрүшөт. Нурлан Шакиев болсо кудум ушул жерден болбогон шылтоо менен чыр чыгарды.
Анысы аз келгенсип, коомчулуктун башын айланткан жалган маалымат таратууда. Мелжеген спикерлигине жетишпей калган соң, чагымчылдыкка өттү, Мунусу жакшылык алып келбейт.
Жетинчи чакырылыштын депутаттары бир өзгөчө эл өкүлдөрү боло турган болушту. Келип келбей жатып спикерлик орунду талашуу, анан кабинет талашуу ызы чуусу кадимки эле бала бакчаны эске салат. Бир тобу спикер болобуз деп аракет кылып көрүштү, бирок баарынын эле максаты жеке кызыкчылыктарын орундатуу экендиги белгилүү болуп калды. Нурланбек Шакиев алардын арасында өзгөчөлөнүп калды. фейзбуктан алынды