Домой Без рубрики Каныбек Осмоналиев, профессор: «2022-жыл БУУ тарабынан «Эл аралык тоолор жылы» деп табылышына...

Каныбек Осмоналиев, профессор: «2022-жыл БУУ тарабынан «Эл аралык тоолор жылы» деп табылышына Кыргызстандын түздөн-түз тиешеси бар»

211

-Каныбек агай, Кыргызстандын демилгеси менен 16-декабрда БУУ 2022-жылды “Эл аралык тоолор жылы”-деп жарыялады. Муну дүйнөлүк коомчулук президенттин демилгесин колдоого алып жатат деп түшүнсөк болобу?
— Кечээ эки чоң жана кубанычтуу жаңылык болду. Биринчиси, «Көчмөндөр оюндары» ЮНЕСКО аркылуу кыргыз элинин мурастуу байлыгы деп табылды. Бул биз үчүн эң сонун жетишкендик! Өзү ЮНЕСКО уюму БУУнун эң маанилүү жана консервативдүү институту. Ал жердеги ар бир чечим укмуш зор аргументтердин жыйынтыктары боюнча гана кабыл алынат. Лобби маселе аларга өтпөйт. Бул жеңишти биздин дипломаттар камсыз кыла алышты деп айтаар элем! Аларга чоң рахмат! Ал эми, экинчиден, БУУ тарабынан 2022-жыл «Эл аралык тоолор жылы» деп табылышына Кыргызстандын түздөн-түз тиешеси жана демилгеси бар. Президент Садыр Жапаров муну БУУнун онлайн конференциясында өз убагында жана эң туура көтөргөн. Биз ушул маанилүү иш-чараларды өткөрүүдө авангарддык позицияда болуп өз колубузга алуубуз абзел. Анын үстүнө БУУ 2022-жылды «Фундаменталдык илимдер жылы» деп дагы жарыялады. Ушул эки окуяны айкалыштырган дүйнөлүк масштабдагы иш-чараларды ийгиликтүү өткөрүүгө Кыргызстандын чамасы жетет. Бизде андай тажрыйба 2002-жылы Тоо жылын ийгиликтүү уюштурууда эле калыптанып калган. Болгону расмий бийлик бул үчүн өлкөдөгү чыныгы жаратман инсандарды өзүнө тартып иштетүүсү максатка ылайыктуу болуп турат!