Домой Жаңылыктар Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагалыгынан кетти деген маалымат чындыкка дал келбейт

Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагалыгынан кетти деген маалымат чындыкка дал келбейт

2169
Социалдык тармактарда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан кеткендиги тууралуу маалыматты айрым сайттар жазып чыгышкан.

Президенттик администрациянын басма сөз кызматы бул маалыматтын жалган экенин билдирди.

Ташиев 2020-жылдын 16-октябрынан тарта Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы кызматын аркалап келет.