Эртең, 22-декабрда Жогорку Кеңеш депутат Бакытбек Жетигеновду жоопкерчиликке тартуу маселесин карайт.
ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, эртеңки жыйындын күн тартибинин долбоорунда Бакытбек Жетигенов Жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө башкы прокурордун 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 08-02 сунуштамасы жөнүндө Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралат.