Домой Без рубрики Эрнест Карыбеков, эксперт:  “Дүйнөлүк коомчулук өлкөнүн, жана президент Садыр Жапаровдун үч...

Эрнест Карыбеков, эксперт:  “Дүйнөлүк коомчулук өлкөнүн, жана президент Садыр Жапаровдун үч демилгесин колдоого алды”

273

-Эрнест мырза, Кыргызстандын демилгеси менен  БУУ 2022-жылды  “Эл аралык тоолор жылы” деп жарыялады. Демек, дүйнөлүк коомчулук президенттин демилгесин колдоого алды десек болобу?

-Албетте, бул өтө маанилүү окуя болду. 2021 жылы Кыргызстан үч жолу мындай эл аралык демилге көтөрдү. Биринчиси,  «2022 жыл- Эл аралык тоолор жылы» деп жарыялоо. Экинчиси, «чек арасыз жаратылыш». Үчүнчүсү, «тоону мөңгүлөрдү изилдөө жана мониторинг  жүргүзүү” . Үч сунушту  тең БУУ колдоого алды. Демек, дүйнөлүк коомчулук өлкөнүн, жана президент Садыр Жапаровдун демилгесин колдоого алды.