Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясына Кыргыз Эл Баатыры, мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун ысымы ыйгарылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-декабрда Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди.
Президенттин айтымында, 9-декабрда Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Министрлер кабинетинин алдындагы комиссиянын отурумунда Мамлекеттик башкаруу академиясына Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгаруу колдоого алынган.
Президенттин алдындагы Башкаруу академиясы 1997-жылы түптөлгөн. Андан бери академиянын уставы жана статусу бир канча жолу өзгөргөн. Учурда академияны профессор Алмазбек Акматалиев жетектейт.