Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди отставкага кетирүү боюнча кол топтолуп жатат. SUPER.KG порталына ал бул боюнча жооп берди.
«Дональд Трампты дагы кет деп кол чогултушкан. Жакшы иштеген кишилер жакпайт экен. Кет деп чыгышат. Мисалы, мен 30 жылдан бери элдин акчасын уурдап жүргөндөрдү кетирип жатам да. Аларга бул жакпай жатат», — деди министр.