Домой Жаңылыктар Жалал-Абад облусунда 1 миң 860 муктаж үй-бүлөгө бекер көмүр таратылды

Жалал-Абад облусунда 1 миң 860 муктаж үй-бүлөгө бекер көмүр таратылды

234

Жалал-Абад облусунда аймактардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн муктаждыктарын жоюу максатында, район-шаарлардагы социалдык коргоо башкармалыгынын каттоосуна алынган 1 миң 860 үй-бүлөгө бир тоннадан бекер көмүр бөлүштүрүлдү. Бул тууралуу өздүк булактар маалымдайт.
Маалыматка ылайык, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаевдин демилгеси жана демөөрчүлөрдүн колдоосу астында ишке ашырылган.
«Сузак районунун–800, Базар-Коргон районунун–450, Ноокен районунун–422, ал эми Жалал-Абад шаарындагы–188 жашоо шарты оор үй-бүлөлөгө таратылды. Жалал-Абад облусунда 11 миң 464 орто жакыр үй-бүлөлөр бар», — деп берилет маалыматта.