Домой Жаңылыктар Айбек Самарбеков, жактоочу: «Тергөө уланууда, Кумтөргө тиешеси бар бардык адамдар шектүү...

Айбек Самарбеков, жактоочу: «Тергөө уланууда, Кумтөргө тиешеси бар бардык адамдар шектүү катары суракка алынууда»

270

«Кумтөр» боюнча экс-президент Аскар Акаевге козголгон кылмыш иши токтотула элек. Бул тууралуу 24.kg агенттигине мурдагы мамлекет башчынын жактоочусу Айбек Самарбеков билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө тергөөдө Аскар Акаевге карата эч кандай суроо жок. «Кумтөр» иши боюнча тергөө толук бүтө элек, андыктан мурдагы президентке коюлган айыптардын баары алынып салынды деп айтууга эрте.
«Тергөө уланууда, кылмыш иши токтотула элек. Бул ишке тиешеси бар бардык адамдар шектүү катары суракка алынууда. Алардын арасында Аскар Акаев да бар. Ал бардык суроолорго жооп берип жатат жана кийинки жолу качан суракка чакырылары белгисиз. Бирок, Аскар Акаевге эркиндигине эч кандай чектөөлөр коюлган жок, ошондой эле өлкөдө ээн-эркин жүрө алат», — деди Айбек Самарбеков.
Буга чейин Бекболот Талгарбеков экс-президент Москвага учуп кеткенин, андан «Кумтөр» боюнча бардык айыптар алынып салынганын билдирген болчу.
Эске салсак, Аскар Акаев борборго 14-декабрда учуп келип, кайра кечээ 19-декабрда учуп кеткен.