Домой Шайлоо 2021 Турсунбек Акун, экс-акыйкатчы: «Жанар менен Токтобүбү Оргалчанын абалы Элмирбек менен Аалынын баллы...

Турсунбек Акун, экс-акыйкатчы: «Жанар менен Токтобүбү Оргалчанын абалы Элмирбек менен Аалынын баллы тең болуп, Элмирбектин жашынын улуулугу эске алынган окуяны эске салды»

5058

-Азыркы парламентте Алтынбек Сулайманов да, Жанар Акаев да салмактуу, өздөрүнүн көз карашын ачык айткан, тиешелүү мыйзам долбоорлорун убагында киргизген депутаттардан. Ошон үчүн мен аларга өтө сый мамиле кылам. Бирок, кээ бир көз караштарын колдой албайм. Бирок, айрым маселелерде принципке катуу тургандарын колдойм. Партиялык системада квота деген маселе бар. Аялдар парламенттеги депутаттардын 30 пайызын түзүп, гендердик баланс сакталыш   керек деген мыйзам бар. Алтынбек Сулайманов да, Жанар Акаев да бул мыйзамга өз убагында сунуш киргизген, жакшы колдоо көрсөтүшкөн.  Эми аягына чейин колдошу керек. Тагыраагы, мурда колдоп, азыр каршы чыгышса туура болбой калат. Айтайын дегеним,  шайлоо алдындагы иштелип чыккан мыйзамдын негизинде мандат  Жанар Акаевге эмес, Токтобүбү Оргалчага бериле турган болууда.

Мыйзамдын түпкү маңызын түшүнбөгөндөр муну  кандайдыр бир саясий оюн катары кабылдап жатышат. Чынында БШК мындай чечимди гендердик балансты сактоо мыйзамынын алкагында кабыл алды. Туура Жанар Акаевди  эл шайлады. Бирок, БШК парламентте жалаң эркектер же болбосо аялдар 5-10 эле болуп калбаш үчүн  жети депутаттын үчөөсү аял болушу керек деген чечим кабыл алышты. Ошон үчүн муну туура түшүнүшүбүз керек. “Альянс” партиясында дагы депутаттар алмашат айрымдары кызмат алышса керек. Менимче, Жанар Акаевдин кезеги тез эле келип, депутат болот. Ошон үчүн аны чуу кылыштын, Жанар Акаевден коркуп,  мандатын Токтобүбүгө алып бергендей кабылдабашыбыз керек.

Элмирбек Иманалиев менен Аалынын биринчи айтышы - YouTube

Сөзүм куру болбош үчүн бул жагдайды мисал менен түшүндүргөнгө аракет кылайын. Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына арналган  мааракеде Элмирбек Иманалиев менен Аалы Туткучов бирдей балл алып, экөө тең болуп калышкан. Гранпирини алыш үчүн Казактын акыны менен бирөө гана айтышышы керек болчу. Баллы тең болгондуктан, Аалыдан Элмирбектин жашы улуу болгону эске алынып,  Элмирбек казак акыны Балгынбек менен айтышып, гранприни утуп алган. Жанар Акаев менен этникалык кыргыз Токтобүбү Оргалчанын  азыркы абалы да ушул окуядай болду. Токтобүбү Оргалча аялзаты болгондуктан, Жанар Акаев  мырзалык кылып, бул маселени түшүнүү менен кабыл алып койгону оң.