Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 18-декабрда, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын куралдануусуна берилген «Байрактар» учкучсуз учуучу аппараттарды көрүп чыкты.
Мамлекет башчыга бул аппараттарды башкаруу системасы тууралуу айтып, алардын ишин көрсөтүштү.

Аталган аппараттар толугу менен республикалык бюджеттин каражаттарына сатылып алынды жана өлкөнүн коргонуу коопсуздугун камсыз кылуу, анын ичинде мамлекеттик чек араларды кайтаруу үчүн колдонулат. Мурдараак Камчыбек Ташиев Кыргызстан Түркиядан учкучу жок учуучу аппараттарды сатып алаары тууралуу айткан эле. Анын сөзү боюнча, сооттолгон 40 даана аскердик техника УКМК чегара кызматынын өздүк курамын күчтөөгө сатылып алынган. Бул үчүн бюджеттен 300 миллион сом бөлүнгөн.
