Домой Шайлоо 2021 Бейшенбек Абдыразаков, экс-депутат: «Кыргыздын урпагы тукум куруттан аман калып, өз өлкөсүнө келип,...

Бейшенбек Абдыразаков, экс-депутат: «Кыргыздын урпагы тукум куруттан аман калып, өз өлкөсүнө келип, депутат болгонуна ар бир кыргыз сүйүнүшү керек»

2467

-Мыйзам боюнча аялдар, жаштар, башка улуттар жана ден соолугу чектелгендердин  квотасы мурда эле бар болчу. Бирок, туура эсептеш керек. Кытайдан келген Кыргыз кызынын депутат болушун мен кош колдоп колдойм! Анткени, 1916-жылы кыргын, тукум курут болуп, кыргыз жок болуп кетүү коркунучуна кептелген. Ошондон аман калган кыргыздын урпагы 100 жылдан кийин келип, өз элинде, өз ата-бабасынын өлкөсүндө Жогорку Кеңештин депутаты болгонуна ар бир кыргыз сүйүнүш керек.

Токтобүбү Оргалча шпионбу? Өзү сындарга жооп берди | racurs.kg

Тагыраагы, үркүндүн азабын көргөндөрдүн тукумдарын Ленинград блакадасында калгандардай сый урмат менен  мамиле кылышыбыз  керек. Керек болсо сырттан келген кыргыздарга жана мигранттарга өзүнчө квота киргизип, башка улуттарга парламенттен орун берилгендей эле аяр мамиле жасалышы керек.