Домой Жаңылыктар «Торугарт» менен «Эркечтам» бекеттери аркылуу жүк ташуу эки эсеге көбөйдү

«Торугарт» менен «Эркечтам» бекеттери аркылуу жүк ташуу эки эсеге көбөйдү

239

Кытай менен чектешкен «Торугарт» жана «Эркечтам» пункттары аркылуу жүк ташуу эки эсеге көбөйдү. Бул тууралуу кечээ, 16-декабрда Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, ноябрь айында бул өткөрмө бекеттер аркылуу суткасына 30дан 60ка чейин автоунаа келип жаткан болсо, учурда бул өткөрмө бекеттерден күнүнө 125 унаа өтүүдө.
«Бул биз үчүн чоң жетишкендик, анткени бажы төлөмдөрүнүн 70% Кытайдан келет. Ошентип, ноябрь айында белгиленген планды 100% аткара алдык», – деди Бажы кызматынын башчысы.