2021-жылдын 17-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жыйындар залында Ардагерлер кеңещинин кезектеги отуруму болуп өттү.
Бул отурумга, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Нурбек Абдиев, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев жана ИИОнун облустук жана райондук түзүмдөрүнүн Ардагерлер кеңештеринин төрагалары катышышты.
Ардагерлер кеңешинин жыйынтыктоочу отурумун ачып жатып, министрдин орун басары, милициянын полковниги Нурбек Абдиев ички иштер органдарынын каада-салттарын кармоодогу ардагерлер уюмдарынын жогорку ролун өзгөчө белгилеп, бул кеңештер кызматкерлерине сый-урматында топтолгон тажрыйбасы менен бөлүшүп, ички иштер органдарынын иштеп жаткан кызматкерлерине жардамдашуу үчүн ыраазычылыгын билдирди. “Мекенибиздин бейпилчилиги үчүн кызмат кылууда жашы жете элек өспүрүмдөргө үлгү болуп саналган жана кызматтык милдеттерин кынтыксыз аткарган эрктүү, жоопкерчиликтүү жана балдарды тарбиялоого кошкон салымдарыңыздар үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Ардагерлер кесиптик жана турмуштук тажрыйбасы бүгүнкү күндө укук тартибин камсыздоодо, өздүк курамдын жогорку патриоттук аң-сезимин калыптандырууда жана тандап алган кесипке болгон сүйүүдө маанилүү ролду ойнойт”, — деп баса белгиледи
Нурбек Абдиев, сөзүн жыйынтыктоодо ардагерлер уюмдары ички иштер органдары системасында өзгөчө орунду ээлейт жана азыркы шартта министрликтин ишмердүүлүгү ардагерлердин жардамы жок мүмкүн эмес жана өздөрүнүн ак ниет кызматы үчүн чогулгандарга ыраазычылык билдирди.
Аталган отурумда, Ички иштер минисрлигинин Ардагерлер кеңешинин 2017-жылдан тартып азыркы учурга чейинки ишмердүүлүгү тууралуу Ардагерлер кеңешинин төрагасы отставкадагы милициянын полковниги Султан Жоошбаев отчет катары баяндама жасады.
Султан Жоошбаев, өз баяндамасында Ички иштер министрлигинин ар бир түзүм бөлүмдөрүндө 80 ашуун Ардагерлер кеңештери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет, бардыгыбызга белгилүү болгондой 2020-жылдан тартып ИИМдин курамына Ички аскерлер кайрадан кошулуп, ардагерлер кеңешинин ишмердүүлүгү кайрадан жандандырылды. Бул биздин жетишкендиктердин бири деп белгиледи.
Мындан тышкары, 2020-жыл аралыгында ИИМдин Ардагерлер кеңешинин демилгеси менен коронавирус илдетине байланыштуу карантин учурунда ардагерлер өз каражатарынын эсебинен ар бир санитардык постторго жеке коргонуучу каражаттарды таратып, тамак-аш, азык-түлүк жеткирип жардам көрсөтүштү. Ошону менен бирге, Султанбек Жоошбаев белгилегендей, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин мүчөлөрүнүн кош көңүл карабаганынан улам Баткен облусундагы чек ара жаңжалынын жүрүшүндө жабыркаган үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүгө 700 миң сом өлчөмүндө акча каражатын топтоого мүмкүн болуп, жардам катары берилген.
Отурумдун жүрүшүндө, Султан Жоошбаев ИИОнун түзүмдөрүнүн ардагерлер кеңешинин төрагаларына кайрылуусун окуп, “Бүгүнкү күндө жеке адамдын, коомдун жана мамлекеттин жыргалчылыгы, коопсуздугу жана тынчтыгы катардагы кызматкерден ардагерге чейинки ар бирибиздин кызматтык милдетибизге, кесипкөйлүккө жана жогорку жарандык жоопкерчиликке болгон мамилебизге байланыштуу, биз ар бирибиз кызматта жана күнүмдүк турмушта өзүбүздүн жүрүм-турумубуздун өнүгүшү үчүн кызматкердин жана жоокердин кесибин урматтоого, мамлекеттин колдоосуна ээ болуп, жарандарга, коомго жана мамлекетке кызмат кылып жаткан учурдагы ИИМдин жетекчилигинин иштиктүү саясатын жана коомдук тартипти аткарууда ИИМ тарабынан аткарылып жаткан ар бир ишке жардам кылууга милдеттүүбүз. Учурда Ички иштер министрлигинин Ардагерлер кыймылынын өкүлдөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жигердүү пайдалануу зарыл экендигин баса белгилеймин. Биз, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кыймылы, Ардагерлер Кеңештери учурда иштеп жаткан кызматкерлердин жарандар менен иштөөдө сылык-сыпаа болушун, алардын билдирүүлөрүнө калыс мамиле жасоо керектигин, эгер катачылык кете турган болсо аны аларды четтетүүгө жана дайыма сүйлөө маданиятына жана сырткы келбетине, кийген формасына кам көрүүнү суранабыз жана талап кылабыз. Ошондой эле, ар бир милиция кызматкери мыйзамдуулукту туу тутуп, тартип бузууларга жол бербей, өздөрү тартип бузбай, терс көрүнүштөргө бөгөт коюу менен бирге Мекенибизге адилет, таза жана мыйзамдарды урматтоо менен кызмат кылууга чакырабыз!” – деп баса белгиледи.
Отурумда күн тартибине ылайык, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы болуп бир добуштан отставкадагы милициянын полковниги Султанбек Жоошбаев кайрадан шайланды жана анын орун басарлары болуп милициянын отставкадагы подполковниги Айтбек Аблаев жана милициянын полковниги Курсан Камчиев дайындалышты.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер ардагерлеринин коомдук уюмунун иш-мерчеми белгиленди. Патриоттук тарбиялоонун мамлекеттик программасын жүзөгө ашыруу боюнча уюштурулган иштерди улантуу, ардагерлердин жаш кызматкерлерди тарбиялоонун практикалык ишине катышуусу чечим кабыл алынды. Ошондой эле, ардагерлердин материалдык, моралдык жана медициналык көйгөйлөрүн чечүү жаатында иш күчөтүү зарылдыгы белгиленди, мында майыптарга, ИИОнун ардагерлерине, ооруктун эмгекчилерине, согуш аракеттеринин катышуучуларына жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө биринчи кезекте көңүл бурула тургандыгы белгиленди.