Президент Садыр Жапаров башында турган Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын командасыкыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футбол боюнча достук оюнга катышууда. Негизи футболдук турнирде 6 команда ойноп жатат. Президенттин Администрациясынын, ата-мекендик футболдун ардагерлеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, спорттук федерациялардын өкүлдөрүнүн, бизнес коомчулугунун жана маданият ишмерлеринин командасы. Президент Садыр Жапаров, камчыбек Ташиев жаштарга дем-күч берип, спортко кызыктыруу максатында команда менен кошо футбол ойношууда. Президент мыкты бомбардир экенин далилдеди.