Кыргыз футболунун 100 жылдыгына карата президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен өткөн достук мелдеште маданият кызматкерлеринен түзүлгөн «Өнөр» командасы жеңүүчү болду. Алар финалда футбол ардагерлеринен түзүлгөн «Алга» командасын 2:0 эсеби менен утту.
3-орун үчүн болгон мелдеште «Президенттин администрация» командасы ишкерлерден түзүлгөн «Бизнес» командасын 5:3 эсеби менен жеңди.
Иш-чара кыргыз футбол биримдигинин демилгеси менен уюштурулган.
Оюнга президенттин администрациясынын, футбол ардагерлеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, спорттук федерациялардын өкүлдөрүнүн, бизнес коомчулугунун жана маданият ишмерлеринин командалары катышты.
Оюндар «Спорт» (КТРК) телеканалынын түз эфиринде жана социалдык тармактарагы баракчаларында көрсөтүлдү.