Домой Жаңылыктар «Күчүбүздү, тажрыйбабызды көрсөтөлү, таза жана адилеттүү оюн болсун. Эң күчтүүлөрү жеңишке жетишсин”-деди...

«Күчүбүздү, тажрыйбабызды көрсөтөлү, таза жана адилеттүү оюн болсун. Эң күчтүүлөрү жеңишке жетишсин”-деди Президент Садыр Жапаров

398
Возможно, это изображение (7 человек, люди стоят и текст «кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футзал боюнча достук мелдеш дружеский турнир по футзалу, посвяшённый 100-летию кыргы LKOM утбо, 5 FIFA»)
Бишкекте кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футбол боюнча достук оюну өтүүдө
Возможно, это изображение (7 человек и люди стоят)
Президент Садыр Жапаров башында турган Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын командасы бүгүн, 17-декабрда, кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футбол боюнча достук оюнга катышууда.
Иш-чара Кыргыз футбол биримдигинин демилгеси менен уюштурулган.
Садыр Жапаров бүгүнкү турнирдин башкы максаттары кыргыз футболунун 100 жылдыгын белгилөө, ошондой эле ардагерлердин оюну аркылуу жаштардын көңүлүн спортко буруу экенин белгиледи. Бул өз кезегинде өлкөдөгү спортту өнүктүрүүгө жана сергек жашоо образын жайылтууга салым болот.
Возможно, это изображение (2 человека, люди занимаются спортом и люди стоят)
Президент Садыр Жапаров күчтүүлөр жеңишке жетишин каалап жана турнирдин катышуучуларын бири бирин аябай ойноого чакырды.
«Күчүбүздү, тажрыйбабызды көрсөтөлү. Башкысы, таза жана адилеттүү оюн болсун. Эң күчтүүлөрү жеңишке жетишсин”, — деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.
Футболдук турнирде 6 команда ойноодо: Президенттин Администрациясынын, ата-мекендик футболдун ардагерлеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, спорттук федерациялардын өкүлдөрүнүн, бизнес коомчулугунун жана маданият ишмерлеринин.
Возможно, это изображение (5 человек, люди занимаются спортом, люди стоят и в помещении)