Домой Жаңылыктар Өзгөн районунун тургуну дайынсыз жоголгон Асемай табылды

Өзгөн районунун тургуну дайынсыз жоголгон Асемай табылды

22

2021-жылдын 28-ноябрь күнү саат болжол менен 12:00 чамаларында Өзгөн районунун Кызыл-Сеңир айылынын тургуну 15 жаштагы Полотова Асемай Куршаб айылында жайгашкан Ы.Бектемиров атындагы орто мектебине кеткен бойдон дайынсыз болгондугун апасы 1983-жылы туулган П.К., билдирип арыз менен кайрылган.

Аталган факты 2021-жылдын 3-декабрь күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын электрондук журналына катталып, тергөө иштери башталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө дайынсыз жоголгон П.А., жүргөн жери такталып, 2021-жылдын 11-декабрында Өзгөн РИИБдин кызматкерлери тарабынан Ош шаарынан табылып, ата-энесине кайтарылып берилди.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы