Биз КР каржы Министрлигинин кызматкерлери өздөрүнүн министрине толук маалымат бербей жатканына абдан таң калып жатабыз. Иш жүзүнө келгенде Алмаз Бакетаев дүң кирешеге болгон салык тууралуу гана маалымат берди. Ал эми Кыргыз Республикасынын алтын иштетүүдөн түшкөн акчасы жана башка бюджетке түшкөн салыктар туурасында ныпым ооз ачкан жок.
Каржы министрлигинин 11 айлык маалыматына комментарий берип төмөндөгүлөрдү айта алабыз:
Дүң кирешеге болгон салыктан 6 миллиард 998 миллион сом топтолгон, ал эми болжогон сумма 6 миллиард 916 сом болчу. Ушул жерден эле план ашыгы менен аткарылганы көрүнүп турат. Социалдык камсыздандырууга болгон чегерүүлөрдү кошкондо бардык төлөнгөн салыктар 11 ай ичинде 11 миллиард 714 миллион сом болду. Ошол эле учурда болжолдонгон сумма 8 миллиард 2 миллион эле сом болчу.
Кумтөрдү төрт көздөп карап, салык төкпөдү дегендерге айтаарыбыз план 1,5 эсе аткарылып, 13 миллиард сом төлөндү.
Ал эми толук отчетту Компания келээрки жылдын башында берет. «Кумтөр Голд Компаниясы» Кыргызстандын элине патриоттулугу үчүн, колдоосу үчүн ыраазычылык билдирет! Кыргызстандын эң негизги байлыгы анын эли!