-Бир караганда айрылыш эки жолду күчкө салып кошуп койгондой көрүнөт…экинчи жагынан, математикалык эсепке, аялдардын квотосына үңүлө сереп салсаң, туптуурадай. Эми ар ким өзүнүн чындыгын сайрай берет эмеспи. 9 мандаттын үчөөнү аялдар алат дегенге таянсак, кылы кыйшайбаган эле чечим. Болгону, эмне үчүн БШК мындай кадамды түштөн кийин кабыл алды деген собол пайда болот жана ал нааразы тараптын саясий мылтыгына айланат. Болгондо да “шайлоо таза өттү” деп ырасмий айтып салган Жанар Акаев үчүн чоң бир сыноо…Сөзү чыгып кетпедиби оозунан. Эми ал тетири пикирди айта турган болсо, анын эле шору, трагедиясы. Саясатта мына ушундай чай кайнамдарда сыналат кимдин кими.

Менимче, мыйзам бузууну болду да, болбоду да деп так айтуу кыйын. Биз эми АКШда эмей Кыргызстанда жашап жатпайбызбы…Бул жерде ар бири өзүнчө мыйзам, чындыктын төрүнөн сайрагандар…Сулаймановдун маалкатып жатканы, Жанарды соороткону эле. Негизи ал деле макул баарына…Демек, маселе чечилди, отурум уланууда…