Домой Саясат Кайып Шер: «БШКнын төрайымы Шайлдабекованын башы экөө эмес, ал мыйзамга таянып...

Кайып Шер: «БШКнын төрайымы Шайлдабекованын башы экөө эмес, ал мыйзамга таянып мандатты Токтобүбү Оргалчага берди»

434
-Парламенттин 30 пайызы аялдар болуш керек деген мыйзамдын негизинде    мандат Жанар Акаевге эмес,  кытайлык кыргыз Токтобүбү Оргалчага берилээрин БШК жарыялады. Жанар Акаевдин мандатын неге тартып берип койду, адилетсиздик орун алды деп эле ызы-чуу түшүп жатышат. Бул маселе боюнча кандай пикирдесиз?
-Алтынбек Сулайманов менен Жанар Акаев аялдар парламентте сөзсүз болуш керек деп бири демилгелеп, бири колдоп аял шайлоочулардын көңүлүн таап,Токтобүбү Оргалча сыяктуу таанымал кыздарды катарына кошуп алып ошонун арты менен парламентке кирип келишти.  Мыйзамга баарыбыз баш ийишибиз керек. Токтобүбү карындашыбыз таалайлуу экен. Таалайына депутат болгонду жазыптыр. Жанар Акаев баш болгон батышчылдар көп эле чычалай бербесин. Алар «Альянс» партиясынын катарына Токтобүбү Оргалчаны кошуп алып парламентке киргенин унутушпаса. Токтобүбү Оргалча Кытайдан көчүп келген өзүбүздүн кыргыз кандашыбыз, кызыбыз. Ичи тарлар буга чейин да болуп келген. Алманбет Манаска келчүдө аны да Кытайдын шпиону деп чыкканын баарыбыз билебиз. Кытайдын тыңчысы деп батышчылардын асылганын мурунку конок кийинки конокту сүйбөйт дегендей түшүнсө болот. Ал тургай атасы Кокондон келген Атамбаев деле президент болбодубу! Анын эмнеси бар экен? Таалайлуудан талашпаш керек.
Сайт ЦИК проверят IT-специалисты от каждой партии
Бул жерде БШК мыйзам бузулдубу же шайлоо алдында кабыл алынган мыйзам өзү ушул жагдайга жол бердиби?
-Эми башка жамандыгы болсо дагы БШК бу жолу күнөөсү жок. Анткени мыйзам боюнча аял кишилер канча добуш албасын аялдарга мыйзам боюнча жеңилдик берилген. БШКнын төрайымы Шайлдабекованын башы экөө эмес. Ал дагы мыйзамга таянып мандатты Токтобүбү Оргалчага берип атат.
Жанар Акаев не получил мандат депутата — причину назвали в ЦИК - 15.12.2021, Sputnik Кыргызстан