Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-декабрда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) алдындагы 64479-аскер бөлүгүнүн түзүлүшүнүн 50 жылдык мааракесине жана Күжүрмөн тууну салтанаттуу тапшыруу аземине катышты.
Мамлекет башчысы аскер кызматкерлерин аталган аскер бөлүгүнүн түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгы менен куттуктап, аскердик бөлүктүн күжүрмөн милдетин, тарыхын жана эмгегин айырмалаган ардактуу белги катары Күжүрмөн тууну тапшырды.