Домой Жаңылыктар БШК 12 шайлоо тилкесиндеги добуштарды кайра эсептеп бүттү

БШК 12 шайлоо тилкесиндеги добуштарды кайра эсептеп бүттү

327

Борбордук шайлоо комиссиясы 12 шайлоо тилкесиндеги бюллетендерди кайра саноону аяктады. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, анын натыйжасында автоматтык эсептөө системасы жана кол санактын жыйынтыгы дал келген.

Боршайком 12 шайлоо тилкесиндеги добуштарды кайра саноо менен талапкерлердин жана партиялардын орду өзгөрбөгөнүн кошумчалады.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өткөн. БШК шайлоонун расмий жыйынтыгын 18-декабрга чейин чыгарышы керек. Жаңы парламент 22-декабрда ишке киришери айтылууда.