Домой Без рубрики Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын 135 миң долларды алдап алып, бербей жүргөн...

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын 135 миң долларды алдап алып, бербей жүргөн кызматкери кармалды

16

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) кызмат абалынан пайдаланып, жарандын 135 миң долларын алдап алып, ар кандай шылтоо менен бербей жүргөн Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерине издөө жарыялаган.

УКМК тараткан маалыматка ылайык, издөөдөгү милиция кызматкери 2021-жылдын 12-декабрында Аламүдүн районунун Беш-Күңгөй айылында жашынып жаткан жеринен кармалган. Учурда УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Атайын кызмат аталган милиция кызматкеринен алдангандар болсо УКМКга кайрылууга чакырат. УКМКнын нөөмөт кызматынын телефону (0312) 66-04-75 жана 0702233243 WhatsApp номери.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети буга чейин да кызмат абалынан кыянат пайдаланган бир катар учурларды аныктап, айрым мамлекеттик кызматкерлерди кармаган.