Домой Жаңылыктар COVID менен күрөшкөн медиктерге ноябрь үчүн компенсация төлөндү

COVID менен күрөшкөн медиктерге ноябрь үчүн компенсация төлөндү

27

 

Дагы: https://sputnik.kg/society/20211213/1054957735/covid-medik-kompensaciya-noyabr-tolondu.html

Фонд жалпы жонунан ноябрь айы үчүн 42 миллион 605 миң 889 сом бөлгөн. Жалпысынан 3 000ден ашык медик акча алды.
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) медиктерге ноябрь айы үчүн 42 миллион 605 миң 889 сом төлөдү. Бул тууралуу аталган фонд билдирди.
Маалыматка караганда, ММКФ саламаттык сактоо уюмунун 3 350 кызматкерине каражат бөлгөн.
«Ноябрь айында 825 дарыгер, 1 294 орто, 456 кичи медперсонал жана 824 башка кызматкер каражат алышты», — деп айтылат маалыматта.
Ай сайын төлөнчү компенсациянын республика боюнча бөлүштүрүлүшү:
• Бишкек (COVID менен күрөшкөн 1956 медкызматкер) — 18 808 140 сом;
• Чүй облусу (411 медкызматкер) — 7 508 560 сом;
• Ош облусу (321 медкызматкер) — 5 231 259 сом;
• Баткен (129 медкызматкер) — 2 564 240 сом;
• Жалал-Абад облусу (92 медкызматкер) — 2 077 960 сом;
• Ысык-Көл облусу (310 медкызматкер) — 4 594 540 сом;
• Нарын облусу (54 медкызматкер) — 527 640 сом;
• Талас облусу (77 кызматкер) — 1 293 550 сом.