Домой Без рубрики Бактыбек Чойбековдун күмөн санаткан жеңиши, кантип көп добуш алганы тууралуу БШКга 9...

Бактыбек Чойбековдун күмөн санаткан жеңиши, кантип көп добуш алганы тууралуу БШКга 9 арыз жөнөтүлгөнү айтылууда

1491

Таластагы №21 бир мандаттуу шайлоо округунда шайлоо таза өтпөй, добуш сатып алуулар менен коштолгонун далилдеген фактылар айтыла баштады. Аталган округдан талапкер болуп, алдыңкы орунду камсыз кылган Бактыбек Чойбековдун күмөн санаткан жеңиши, ал тургай кантип көп добуш алганын айгинелеген жагдайлар ачыкка чыгып, бүгүнкү күндө БШКга 9 арыз жөнөтүлгөнү айтылууда. Алардын ичинде: «Бактыбек Чойбековго добуш берүүгө кирип баратып миң сом, чыгып жатып миң сом алдым»- деп көрсөтмө бергендер да бар. Дебатка катышпай, атаандаштары менен ачык күрөшкө чыккандан коркуп, элди иренжиткен эски ыкмаларды колдонуп, таза шайлоого шек келтирип, добуш сатып алуу менен көп добуш алууга үлгүргөн Бактыбек Чойбековдун атаандаш талапкерлери бүгүн №21 Талас шайлоо округунда шайлоо таза өтпөгөндүгүн айтышып, сөз менен эмес иш менен далилдеп беришээрин айтып келишүүдө. Жогоруда сөз болгондой, аталган аймакта добушту сатып алуулар Чойбеков тарабынан орун алганы боюнча атайын арыздар түшүп, ага кошумча добуштарды сатып алууга шектүү аракеттер болгону боюнча дагы маалыматтар чыгууда.

Айталы, ушул жылдын 25-ноябрында, ЖКге шайлоо жүрүп жаткан учурда Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Айбек Көчөрбаевдин демилгеси жана Ибраимов Мадыл баш болгон Жаңы — Турмуш деген өзөндө жашаган дыйкан-фермерлердин демөөрчүлүлүк жардамы менен көп жылдардан бери бузулуп калган негизги жолго кум-шагыл төгүлүп ондолгон. Бул аракет шайлоо учурундагы эл добушун ачык эле сатып алуу болгондугу көрүнүп турат. Себеби, Мадылбек Ибраимов талапкер болгон Бактыбек Чойбековдун Арал айыл аймагы боюнча улук агитатору экендигин баардык айыл аймагы билчү жана ал Чойбековдун мыйзамдуу көрсөтүлгөн агитаторлорунда дагы таасын көрүнүп турат. Баарынан кызыгы, Чойбековдун каражатына оңдолуп жатканын, аны шайлоо үгүтү кызуу жүрүп жаткан мезгилде Мадыл Ибраимов аркылуу жүргүзүлгөнү байкалып калганда, ал маалыматтан Ибраимов Мадылдын аты өчүрүлгөн. Бул жерде шайлоо мыйзамдарын ачык бузуу даана байкалып тургансыйт. Мына ушул маалыматтын өзү эле Бактыбек Чойбековдун каражатына жол салынганын, элдин добушун жол салып сатып алганын ачык эле айта берчүдөй жагдай орун алып турат. Аталган иш боюнча тийиштүү мекемелер териштирип аныгына чыгат деген ишеничтебиз. Мындай жагдайга президент да кайдыгер карабайт деген ойдобуз.