Домой Жаңылыктар Кытай кыргызстандыктар үчүн ЖОЖдордон 17 стипендиялык орун берди

Кытай кыргызстандыктар үчүн ЖОЖдордон 17 стипендиялык орун берди

233

Катышууну каалагандар онлайн-системага жазылуусу зарыл. Арыздар 2022-жылдын 9-январына чейин кабыл алынат.

Кытай өкмөтү кыргызстандыктар үчүн бакалавриат, магистратура, докторантура жана тил курстарынын стипендиялык орундарына сынак жарыялайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы келишимдерге ылайык, Кытайдын Билим берүү фондун башкаруу боюнча мамлекеттик комитети кыргызстандык абитуриенттер үчүн 2022-2023-окуу жылына 17 спипендиялык орун бөлүп берди.
Сынакка катышуучулардын жашы төмөнкүдөй болушу керек:
• «тилди жакшыртуу» прграммасына — 18 жаштан жогору;
• «бакалавр» — 18-25 жаш;
• «магистр» — 35 жаштан жогору;
• «докторантура» — 40 жашка чейин.
Катышууну каалагандар онлайн-системасына жазылуусу зарыл. Арыздар 2022-жылдын 9-январына чейин кабыл алынат.
Кошумча суроолор боюнча иш күндөрү саат 15:00дөн 17:00гө чейин (0312) 625082, 621519, 620497 телефондору аркылуу байланышууга болот.