Домой Без рубрики Жасалма эмдөө сертификат берген дарыгерлер иштен алынды

Жасалма эмдөө сертификат берген дарыгерлер иштен алынды

176

Коронавируска каршы вакцина алгандыгы тууралуу жасалма сертификат берген дарыгерлер иштен алынды. Бул туралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкектеги №2, №8, №10, №11, №19, 20 медицина борборлорунун жетекчилери, бир медайым иштен алынды. Чогулган материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.
Ал эми, Ленин райондук үй-бүлөлүк медицина борборлору боюнча бөлүм башчы өзү жазган арыздын негизинде кызматтан кетти.
Эскерте кетсек, Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 7-декабрда эмдөө сертификаттарынын сатылышын иликтеген комиссия түзүлгөнүн билдирген.
Белгилей кетсек, коронавируска каршы эмдөөнүн жеке QR-код ыйгарылган санарип сертификаттар ушул жылдын июль айынан тартып берилет. Документти коронавируска каршы эмделгендер, акыркы 6 айда коронавирус менен ооругандар же ПЦР тесттин үч күнгө жарактуу жыйынтыгы барлар алышат.