Домой Жаңылыктар Жалал-Абад ОИИБи бош кызмат орундарына конкурс жарыялайт

Жалал-Абад ОИИБи бош кызмат орундарына конкурс жарыялайт

34

Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгы шаар жана райондук ички иштер бөлүмдөрүндөгү катардагы бош (вакант) кызмат орундарын ээлөөгө конкурс жарыялайт.

Конкурска “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген укук коргоо органдарына кызматка кабыл алуунун жана кызмат өтөөнүн шарттарына жана квалификациялык талаптарына жооп берген 19 жашка толгон жана 30 жашка чейинки курактагы Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алат.

Тиешелүү документтер 2021-жылдын 31-декабрына чейин кабыл алынат.

Конкурска катышуу үчүн талапкерлер тийиштүү документтердин тизмегин алуу үчүн жана суроолор боюнча Жалал-Абад ОИИБдин Кадрлар бөлүмүнө кайрылса болот.

Байланыш телефондору: (03722) 7-02-81

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы