Домой Укук ИИМ: Эл аралык коррупция менен күрөшүү күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү

ИИМ: Эл аралык коррупция менен күрөшүү күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү

9

Кыргыз Республикасынын ИИМдин борбордук аппаратынын имаратында Эл аралык коррупция менен күрөшүү күнүнө карата мааракелүү иш-чара болуп өттү.

Бул иш-чарага Ички иштер министрлигинин, Бишкек шаардык ИИББнын жетекчилиги, ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү, ИИОнун аймактык түзүмдөрүнүн кызматкерлери, Республикалык жоокерлердин энелери комитетинин өкүлдөрү жана коомдук ыктыярчылар катышышты.
Ички иштер министрликтин жетекчилиги жарандык активисттердин жана ыктыярчылардын кылмыштуулук менен күрөшүүгө кошкон салымдарын белгилеп, тыгыз кызматташып, коомдук маанилүү демилгелерди көтөрүүдө активдүү катышуусуна Ички иштер министрлигинин ведомстволук “Ардак” жана “Кыргыз милициясына 95 жыл” медалдары менен сыйланышты.
Өз кезегинде, Республикалык жоокерлердин энелери комитетинин буйругу менен кесиптик тапшырмаларды жогорку деңгээлде аткаргандыгы үчүн Ички иштер министрлигинин жетекчилигине “Жоокерлердин энелеринин сүйүүсү жана тануусу” медалдарын тапшырышты.
Мындан тышкары, ведомстволук медалдар менен райондук милиция кызматкерлери сыйланды.
Иш-чаранын алкагында ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин ардак грамоталарын тапшырды.

ИИМдин Басма сөз кызматы