Домой Без рубрики «Манас» аэропорту быйыл 3 миллиард. 136 миллион сом киреше алды

«Манас» аэропорту быйыл 3 миллиард. 136 миллион сом киреше алды

15

Манас» эл аралык аэропортунун» кирешеси 2021-жылы туунду компанияларды эсепке албаганда, 3 млрд 21 млн. сом, туунду компаниялар менен бирге 3 млрд. 136 млн сомду түздү. Бул тууралуу «МЭА» ААКнын Генералдык директору Бакыт Шаршеев билдирди.
Анын айтымында, 2019-жылы ишкананын тарыхында эң жакшы көрсөткүч болуп, туунду ишканаларды кошкондо 2 млрд 100 млн сом киреше тапкан.
«Быйыл биз бул көрсөткүчтөрдү пандемияга карабастан ашып өттүк, ишкананын кирешеси 2021-жылы туунду компанияларды эсепке албаганда 3 млрд 21 млн сомду, туунду компаниялар менен бирге 3 млрд 136 млн сомду түздү. Белгилей кетсек, жыл аягына чейин дагы бир ай бар жана сандар өзгөрүшү мүмкүн», – деди ал.
Ал белгилегендей, каржы көрсөткүчтөр аба жүктөрүнүн эсебинен дагы өскөн. Пандемиядан улам унаа, темир жол аркылуу жүктөрдү алып келүү токтогондуктан, жүк ташуучу каттамдар көбөйгөн.
Эскерте кетсек, аэропорттун акцияларынын наркы тынымсыз өсүп жатканын Кыргыз фондулук биржасы да тынбай билдирүүдө.
2021-жылдын 10 айында «МЭА» ААКсы 3 млн 240 миң 285 жүргүнчүнү тейлеген. Өткөн жылга салыштырмалуу жүргүнчүлөрдү ташуу 2.7 эсеге өскөн. 2021-жылдын 1-январынан 31-октябрына чейин 27 432 каттам аткарылган. Кошумчалай кетсек, 10 айда кайра иштетилген жүктүн көлөмү 19551.1 тоннаны түзгөн.