Домой Без рубрики Каныбек Осмоналиев: » Президенттин фермерлер менен дыйкан чарбаларын жер салыгынан бошотуу кадамы...

Каныбек Осмоналиев: » Президенттин фермерлер менен дыйкан чарбаларын жер салыгынан бошотуу кадамы өзгөчө болду»

95

-Президенттин дыйкандарды фермерлерди жер салыгынан бошоткон жарлыгы мамлекетке пайда алып келеби? Муну дыйкан, фермерлерге болгон колдоо деп түшүнсөк болобу?
-Президент Садыр Жапаровдун бир нече Жарлыктары абдан жакшы болду. Суроолор болушу мүмкүн. Жарлыктын канчалык мыйзамдуу күчү бар деген? Менимче президенттин администрациясы бул сапар абдан тыкан иштей баштады. Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышын утурлап мындай өтө маанилүү Жарлыктардын чыкканы өтө маанилүү! Ошолордун ичинен албетте, фермерлер менен дыйкан чарбаларын жер салыгынан бошотуу кадамы өзгөчө болду. 2022-жылдын 1-январынан баштап сугат жана айдоо жерлерге, жайыттарга, чөп чабыктарга чегерилген салыктардан баардык жарандар бошотулат. Бул жакшы чечим болду. Мен айтаар элем президент Садыр Жапаров бул багытта өзүнө Конституция боюнча ыйгарылган укук ченеминде чоң кадамга барды деп! Мурдагы президенттер ойноп туруп алышпадыбы беле? Фермерлердин салык түйшүгү эми республикалык бюджетке жүктөлдү. Андан дагы кызыгы, келерки жылдан баштап фермерлерге болгон кредиттер жылына 6%дык өлчөм менен чектеле турган болду! Мунун баары азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу менен байланышта болду десек жарашат. Президент жерди ээлеп алган «эргулдардын» эффективдүү иштетпей жүргөндүктөрүнө дагы көңүл бурду! Мындан ары аталган мүчүлүштүктөргө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катуу жооп беришээрин эскертти. Айыл өкмөттөрү менен акимдердин персоналдык жоопкерчиликтерине басым жасады. «Айыл Банк» менен «РСК Банк»тардын ишмердүүлүктөрүнө дагы эскертүү берди. Фермерлердин өндүргөн продукцияларын экспортко чыгаруу боюнча иш-чараларды күчөтүүнү Министрлер Кабинетине жүктөдү. Чынында эле өкмөт эмне үчүн» заготконторлорду» калыбына келтирип дыйканга жардам берүүгө болбосун? Ортодогу «кызыл кулактар» жоголот эле!
-Туура айттыңыз. Бирок, жердин салыгы менен пенсияга чыккандардын абалы кандай болот?
— Жер салыгын Акаев киргизген. Ал кадам шылуун адамдарга кеңири жол ачкан долбоор болчу. Фермерлер менен дыйкандарды шүдүңгүт ортомчулар менен кызыл кулактарга салып беришкен. Эсиңердеби, төө буурчак, пахта, тамеки, ири мүйүздүү мал менен койлорду сатуу менен байланышкан түйшүктөр? Өзү пенсиялык фонддун ресурстары укмуш чоң. Аны бүгүнкү күнгө чейин эле шылуун жетекчилер уурдап келишет. Мыйзамга ылайык мамлекеттик бюджет менен деле аларды колдоп койсо болот. Бул жерден мен эч кандай проблеманы деле көрбөй турам. Тескерисинче, фермер менен дыйкан өздөрүнүн өндүрүмдүүлүк дараметин күчөтөт. Жапаровдун Жарлыгынын күчү мына ушунда!