Домой Без рубрики Эрнест Карыбеков: «Кол санактын жыйынтыгынан кийин ар кайсыны айтпай шайлоону таанышыбыз керек.

Эрнест Карыбеков: «Кол санактын жыйынтыгынан кийин ар кайсыны айтпай шайлоону таанышыбыз керек.

43

-Эрнест мырза, БШКнын жыйынтыгы кечеңдеген сайын коомчулукта күмөн санаган түрдүү кептер чыга баштады. БШК кандай чечим чыгарса дагы шайлоонун жыйынтыгын таанышыбыз керекпи?
— Мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу парламенттик шайлоо таза өттү. Негизи идеалдуу шайлоо тарыхта болгон эмес, жана болбойт дагы. Ошон үчүн кол санактын жыйынтыгынан кийин ар кайсыны айтпай шайлоону таанышыбыз керек.
-Бирок, кайра шайлоо болушу керек. Бул шайлоо укмуштуудай мыйзам бузуулар менен коштолду деген да топтор чыгып жатат го?
-Чынында кайра шайлоо болсун дегенге негиз жок. Жогоруда айткандай идеалдуу шайлоо болбойт. Ошон үчүн бул шайлоонун жыйынтыгын таанып, алдыга жылуунун аракетин көрүшүбүз керек. Жаңы парламент ишке кирип, мыйзамдарды ревизия кылып, өлкөнү алдыга сүрөй турган мыйзамдарды жазып, президентке жардам бериши керек. Шайлоодон башка да көп кызыктуу жана мамлекет үчүн маанилүү нерселер бар экенин эстен чыгарбашыбыз керек.