Домой Укук ИИМдин Республикалык окуу борборунда “Биз коррупцияга каршыбыз!” аталышындагы сынак уюштурулду

ИИМдин Республикалык окуу борборунда “Биз коррупцияга каршыбыз!” аталышындагы сынак уюштурулду

181

9-декабрь Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. Ушуга байланыштуу, коррупцияга каршы күрөшүүго арналган иш-чара 2021-жылдын 8-декабрында ИИМдин Республикалык окуу борборунда дагы өттү. Анда бул окуу жайда билим алып жаткан талапкерлер арасында “Биз коррупцияга каршыбыз!” аттуу дубал гезиттер сынагы уюштурулган. Бул сынакта талапкерлер коррупцияга каршы өздөрүнүн чыгармачылыгы менен даярдалган ой-толгоолорун, көз караштарын дубал гезиттерине чагылдырышып, маанисин түшүндүрүп беришти. Андан тышкары, 32-окуу взводунун талапкери Жаныбек уулу Турганбайдын өзү жазган коррупцияга каршы ыр саптары Республикалык окуу борбордун жетекчилигинин жана ушул эле борбордун коррупцияга каршы күрөшүү комиссиясынын мүчөлөрүнүн ыраазычылыгына татыды.

ИИМдин Басма сөз кызматы