Ысык-Көл облусунун аймагында 3-6-декабрь күндөрү «Өспүрүм» аталышындагы комплекстүү иш-чарасы өтүп, анда 400гө жакын милиция кызматкерлери, 200дөн ашык тийиштүү мамлекеттик органдарынын жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты. Милиция кызматкерлери жана тийиштүү кызматтар тарабынан, жаш өспүрүмдөр түнкүсүн мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосу жок жүрө турган, тилемчилик менен алектенүүчү жана балдардын эмгегин колдонуучу 1000ден ашык жайлар жана коомдук жайлар текшерүүдөн өткөрүлдү.
Төрт күндүк иш-чарасынын жүрүшүндө, түнкү саат 22.00дөн кийин мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосу жок жүргөн 55 өспүрүм, 49 эмгектенген жана 8 тилемчилик менен алектенген балдар аныкталды. Бардык аныкталган фактылар боюнча балдар ички иштер бөлүмдөрүнө алынып келинип, ата-энелери да чакырылып, жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринен кийин үйлөрүнө кайтарылды. Андан тышкары, милиция кызматкерлери тарабынан, жаш өспүрүмдөр тарбияланып жаткан 5 оор турмуштук абалдагы үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлдү.
Белгилеп кетсек, Кыргызстанда 1-декабрдан баштап, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси күчүнө кирип, анда жеке жана юридикалык тараптарга жоопкерчиликтер каралган. Башкача айтканда, аталган кодексинин 74-беренесине ылайык, балдардын тыюу салынган же чектелген жерлерде болуусуна (ата-энесинин, аларды алмаштыруучу адамдардын, ошондой эле тиешелүү объекттердин ээлеринин) уруксат берүүсү, жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келинет.
Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы