Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өзүнүн 6-декабрдан берки жарлыктары менен элге жардамын берип жатат жана калктын аялуу катмарын мамлекеттик коргоого алууда пайдалуу системаны түздү дейт Эмиль Каниметов.
«2021-жылдын 1-январынан тарта электр энергиясы өтө муктаждыкта жашаган жарандар үчүн 50 тыйын кылды 1 кВт саатын. Ошондой эле жаш балдардын, карылар үйүндөгүлөр жана майыптар үчүн тамак-аш нормасы 100 пайызга көбөйтүлдү.
2022-2025 жылга чейин фермерлер жер салыгынан бошотулду. 8 миллион сомго чейинки товар айландырып, калкты айыл чарба өнүмдөрү менен камсыз кылган ишкерлер салыктын бардык түрүнөн бошотулду», деп эксперт көрүлгөн чараларды эсептеди.
Ал түшүндүргөндөй, акыркы эки жарлык кичи бизнеске таандык. Жер иштетүүгө негизделген жерлер салыктын бошотулду, ошону менен товар өндүрүүчүлөргө стимул беришет. Ал эми экинчи жарлык кичи бизнес ээлерине жакшы шарт түзүп берет.
«Даректүү социалдык жардам — бул муктаж болгон үй бүлөлөргө жардам берүүнүн жакшы ыкмасы. Өлкөбүздө 85% муктаж болгондор бул көп балалуулар, пенсионерлер, жетим жесирлер. Мындай ыкма бюджетти теңешелеп колдонууга жардам берет жана социалдык акыйкатчылык принциптерине шайкеш келип элдин бийликке болгон ишенимин арттырат» деди Эмиль Каниметов.
Анын сөзү боюнча, азыркы шартта мындай чараларды көрүү өтө маанилүү. Инфляция, пандемия элдин шайын оодарып турат.
«Кээ бир үй бүлөлөрдө киреше жоктугунан эң зарыл болгон нерсени да ала алышпайт. Азыр өлкөдө көптөрү күнүмдүк жашоого да акча таба албай калды. Ошонун айынан экономика сазга батты. Ансыз деле мамлекет жарандарга жардам берип кыйратчу эмес. Бул сыяктуу нерселер демографиялык өсүүгө да кедергиси тийүүдө. Коңшу мамлекеттерден бул жагынан аркада калдык’ , дейт окумуштуу.
» Мындай жардам жана мамлекет тарабынан чара көрүү келечекте элдердин кирешеси көп болуусун камсыздайт. Элдерди социалдык жактан колдоо, пенсия, пособия инфляциянын деңгээлинен жогору болооруна шек жок. Ошондой эле айлыктын көлөмү жогорулайт» деди эксперт.