Домой Без рубрики Мирбек Маниясов, активист: «Ишкерлер мурункудай салыктан качып, кысынышпай көптөгөн жарандарыбызды иш менен...

Мирбек Маниясов, активист: «Ишкерлер мурункудай салыктан качып, кысынышпай көптөгөн жарандарыбызды иш менен камсыз кылышат»

17

-Президенттин орто жана чакан бизнести өнүктүрүү үчүн жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомго чейин болгон ишкерлерди салыктан бошоткон жарлыкка кол койгону туура эле болдубу?
— Президенттин кечээги жарлыктарга кол койгону чыны менен колдоого алаарлык иш болду. Ишкерлерди салыктан бошотуп, алардын иштөөсүнө өтө сонун шарт түздү. Эми ишкерлер иштин майын чыгарып, жакшы иштешет. Мурункудай салыктан качып, кысынышпайт. Көптөгөн жарандарыбызды иш менен камсыз кылышат. Кыскартуулар болбойт. Буюрса, канчалаган үй бүлөлөр жумуш менен камсыз болушат. Бул биринчиси. Экинчиси, фермерлер менен дыйкандарды дагы жер салыгынан бошоткону колдоого татыган иш болду. Буюрса, дыйкандарга да жакшы иштөөсүнө, айдалбаган жерлерди өздөштүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. 6 пайыздык насыяларды бере башташса, күйүүчү майлардын баасы жогорулап турганда дыйкан, фермерлерге колдоо болот.

Анан калктын аялуу катмарын да эске алып, электр энергиясын да 50 тыйынга түшүргөнү мактоого таатырлык иш болду.