Домой Без рубрики Каныбек Осмоналиев, профессор: «Жарды абалга тушуккан үй-бүлөлөргө бул Жарлык сөзсүз түрдө жеңилдик...

Каныбек Осмоналиев, профессор: «Жарды абалга тушуккан үй-бүлөлөргө бул Жарлык сөзсүз түрдө жеңилдик берет»

442

— Каныбек агай, президенттин аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө электр баасын арзандаткан жарлык чыгарганы аларга жеңилдик бергениби?
-Президент Садыр Жапаровдун кийинки Жарлыгы жарыкка болгон тарифтин төмөндөтүлүшү болду. Эл бул кадамды күткөн болчу. Мурдагы президенттер бул маселеден митайымдык менен качып, ойду — тоону сүйлөшүп, баш толгоп келишкен. Бул маселени президент Коопсуздук Кеңешинде көтөргөн болчу. Эми ошону Жарлык менен бекемдеп жатат. Жакшы кадам. Жарандардын категорияларына жараша электр энергиясынын тарифин төмөндөтүү механизмин иштеп чыгуу тапшырмасы Министрлер Кабинетине катуу тапшырылды. Айрыкча, 16 жашка чейин балдары бар үй-бүлөлөргө көңүл буруу маселеси көтөрүлгөнү жакшы болду. Демек, жарды абалга тушуккан үй-бүлөлөргө бул Жарлык сөзсүз түрдө жеңилдик берет.