Домой Без рубрики Эрнест Карыбеков: «1-январдан баштап дыйкандар, фермерлер жана ишкерлерди салыктан бошоткон жарлык...

Эрнест Карыбеков: «1-январдан баштап дыйкандар, фермерлер жана ишкерлерди салыктан бошоткон жарлык  маанилүү чечим болду»

401

-Орто жана чакан бизнести колдоого алган жана дыйкан, фермерлерди жер салыгынан бошоткон жарлык оң жыйынтык берби?

— Жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомго чейин болгон ишкерлерди салыктан бошоткон жарлык ишкерлер үчүн өтө керектүү жарлык деп эсептейм. Анткени, бул жарлык кичи жана орто бизнестин өнүгүшүнө чоң көмөк көрсөтөт. Азыркы экономикалык модельде Кыргызстандын орто классы экономикабызга чоң салым кошот. Демек, болуп аткан структуралык, экономикалык кризисте өкмөт ушул орто класска жардам бериши керек. Ошон үчүн абдан туура чечим болду деп эсептейм. Ошондой эле  2022-жылдын 1-январынан баштап дыйкандар менен фермерлер жер салыгынан бошотулат деген да жарлык да  маанилүү чечим болду. Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун алдын алыш үчүн мамлекет дыйкандарга, фермерлерге жардам бериши керек.