Домой Шайлоо 2021 БШК: кол санактын протоколдору системага киргизилди

БШК: кол санактын протоколдору системага киргизилди

51

28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодогу добуштарды колго саноонун протоколдору жалпы системага киргизилип бүттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Кол санакка ылайык, парламенттик шайлоодогу жараксыз бюллетендердин саны 3 926га кыскарган.

Бир мандаттуу округдардагы кол санак 2-декабрда бүткөн.

БШК шайлоо жыйынтыгы мыйзамда каралган негизде чыгарыларын билдирди. Буга чейин шайлоо жыйынтыгы 18-декабрга чейин жарыялана турганы айтылган.

Жалпы 2 миң 494 участкалык шайлоо комиссиясы бар. Анын баарысынын жыйынтыгы эсептелип чыкты. Муну менен 100 пайыз участкалык шайлоо комиссиясынын жыйынтыгы болуп саналат.

«АТА-ЖУРТ КЫРГЫЗСТАН» — 223 миң 842 добуш (17,30 пайыз);

«ИШЕНИМ» — 176 миң 295 добуш (13,62 пайыз);

«ЫНТЫМАК» — 142 миң 206 добуш (10,99 пайыз);

«АЛЬЯНС» — 107 миң 788 добуш (8,33 пайыз);

«БҮТҮН КЫРГЫЗСТАН» — 90 миң 905 добуш (7,03 пайыз);

«ЫЙМАН НУРУ» — 79 миң 517 добуш (6,15 пайыз);

«ЭЛ ҮМҮТҮ» — 58 миң 185 добуш (4,50 пайыз);

«АЗАТТЫК» — 52 миң 631 добуш (4,07 пайыз);

«АТА-МЕКЕН» — 46 миң 183 добуш (3,57 пайыз);

«СОЦИАЛ-ДЕМОКРАТТАР» — 41 миң 196 добуш (3,18 пайыз);

«УЛУТТАР БИРИМДИГИ» — 31 миң 680 (2,45 пайыз);

БААРЫНА КАРШЫ — 28 миң 201 добуш (2,18 пайыз);

«МЕКЕНЧИЛ ЭЛ» — 20 миң 605 добуш (1,59 пайыз);

«БАГЫТ» — 12 миң 703 добуш (0,98 пайыз);

«ПАТРИОТИЧЕСКАЯ ПАРТИЯ ЕДИНЕНИЯ КЫРГЫЗСТАНА» — 12 миң 467 добуш (0,96 пайыз);

«УЛУУ-ЖУРТ» — 9 миң 448 добуш (0,73 пайыз);

«КҮЧТҮҮ РЕГИОН» — 8 миң 238 добуш (0,64 пайыз);

«ЛЕГАЛАЙЗ» — 8 миң 71 добуш (0,62 пайыз);

«ОРДО» — 5 миң 979 добуш (0,46 пайыз);

«АРУУЗАТ-ЭЛ КУТУ» — 5 миң 931 добуш (0,46 пайыз);

«ЖАШАСЫН КЫРГЫЗСТАН» — 5 миң 660 добуш (0,44 пайыз);

«КЫРГЫЗСТАН ЖАШЫЛДАР ПАРТИЯСЫ» — 5 миң 302 добуш (0,41 пайыз).