Домой Без рубрики Алмазбек Акматалиев , профессор: «Сүйүнбек Касмамбетов эл чогулган жерде өз позициясын ачык...

Алмазбек Акматалиев , профессор: «Сүйүнбек Касмамбетов эл чогулган жерде өз позициясын ачык айтып, элге чоң мотивация берүүдө»

248
Мамлекеттик Катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун акыркы жумаларда  активдүүлүгүн байкадык! 5 киши же 500 киши чогулган иш чарабы, айырмасы жок… Барып, өз позициясын ачык айтып, элге чоң мотивация берип келгенине күбөбүз. Бир таанышым айтат: «укмуш жалындуу сүйлөйт экен, тим эле ээрчип кеткиң келет» деп.
Туура, ээрчисең түбү жок Манас бабабыздын терең Океанына барасың! Аны менен кошо чөмүлөсүң, таңкаласың, рахат аласың! Ээрчисең, кыргыздын карт таарыхына, мыкты үрп адаттарына, салт-санаасына бөлөнөсүң! Кыргыз болуп жаралганыңа сыйынасың! Ээрчисең комуз, айтыш, акындык өнөрүнө чумкуп киресиң! Улутум Кыргыз, урааным Манас ! деп залдагы жаш манасчылар менен кошо Манас айтасың, арууланасың, Эстекемдин , башка Залкарлардын сырлуу дүнүйөсүнө күбө болосуң!
Ээрчисең кыргыз тилинин тереңдигине күбө болосуң, Манасты жараткан кыргызга баа бересиң!
Чарчаба, Сүйүнбек мырза! Чалыкпа!  Өзүң таарыхчысың, улуу манасчынын тукумусуң! Таарыхты эске алуу менен, кыргызды 21 кылымга багыттайлы! Кыргыз болуп калып, кантип заманбап улут болобуз деген чоң суроого татыктуу жооп табабыз? Дүйнөдө ааламдашуу күч алып турган кезде, канткенде ийгиликтүү, калыс, эффективдүү Эгемен Мамлекет курабыз? Канткенде, канткенде… Суроолор чачтан көп! Жооп табалы! Жаратмандыкты Туу кылалы! Белди бекем буу, Сүйүнбек мырза…
Ийгиликтер коштосун!