Домой Шайлоо 2021 Айжан Омолдошова: «Шайлоодон мөөрөй албай калган талапкерлер, ар кандай жагымсыз акцияларды...

Айжан Омолдошова: «Шайлоодон мөөрөй албай калган талапкерлер, ар кандай жагымсыз акцияларды уюштурганды токтотпойлубу»

274
   Урматтуу шайлоодон мөөрөй ала албай калган талапкерлер. Бир аз убакыт мурда эле элди түрө кыдырып, үгүт иштерин жүргүзүп жатканда элдин мүдөөсүн аткарабыз, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошобуз, силердин тынч жана бейкапар жашооңорго шарт түзөбүз деп убаданы болушунча бербедик беле! Эми ал оюңардан тез эле кайттыңарбы? Эгер чын эле элдин кызыкчылыгын коргоп, жалпы журттун камын көрүп, чыныгы эл өкүлү болуп ЖКга баратканыңар чын болсо, анда эмне ар кандай элдин тынчтыгына жана коопсуздугуна, мамлекеттүүлүктүн бүтүндүгүнө доо кетирүүчү кадамдарга барып жатасыздар. БШК серверинин бир аз убакыт иштебей калганынан пайдаланып, кайра эле мурдагы кызмат талашмай, өз керт башыбызды гана ойломой таз кейпибизди кийип, эптеп эле мандатка ээ болуп калуу аракетин көрүп, ар кандай жагымсыз акцияларды уюштурганды токтотпойлубу. Шайлоодо акча таратып болсо да өтпөй калганыңар аз келгенсип, тияктан жөө жүрүшкө чыкты, бияктан нааразылык жүрүш башталды деп карапайым элдин башын айлантып, ар кандай иш чараларды уюштурганды койбойлубу. Качанкыга чейин эле кыйкырык менен кызматка жанталашуунун оюнун ойной беребиз. Андан көрө баарылап шайлоодон уткан талапкерлерди колдон буттан алып колдоп, өз программабыздагы оорчундуу жерлерин бөлүшүп, эл үчүн кызматыбызды уланта бербейлиби. Биз бирибизге душман эмеспиз го. Биз ЖКга аттанып жатканда баарыбыздын оюбуз да, тилегибиз да, максатыбыз да бир- ЭЛДИН ЖАШООСУН ЖАКШЫРТУУ жана ӨЛКӨНҮН ӨНҮГҮҮСҮНӨ САЛЫМ КОШУУ эмес беле! Келгиле андан көрө 32- шайлоо округунан талапкер болгон баардык жарандар, эл өзү тандаган Мирлан Самыйкожо го өз райондорубузду өнүктүрүү боюнча пландарыбыз менен бөлүшүп, баарылап жардам берип, башка округдагыларга үлгү бололу! Ал эми Ак -Талаа эли партиялык тизмеден тандап шайлаган Muradil Sydykov го да ишеним артып, районубуздун келечеги үчүн кам көрөлү. Чечилбей жаткан көйгөйлөрдү биргелешип чечүүгө далалат жасай берели. Кудай буюрса кол санактын жыйынтыгы чыгып калса жердешибиз Кылыч Исамамбетов да мандатка илинип калсын деп тиленип туралы.
Эл ишенип шайлагандарга эле түртө салып иштешсин деп койгон болбойт. Баарылап жардам берип, биргеликте иш кылсак, жыйынтыгы тез жана ийгиликтүү болот да. Бул жолку ынтымагыбызды кылымдарга калтырып, келечек муунга туура жол көрсөтөлүчү. Кандай дейсиздер?