Заманбап шарттарда милиция айымдарынын ролу: көйгөйлөр жана өнүгүүсү” аттуу семинар Кыргыз Айым милиционерлер ассоциациясынын алдына коюлган милдеттерди ишке ашыруунун бирдиктүү багытын талкуулоо жана аныктоо үчүн аянтча катары өбөлгө болду.
Кыргыз Айым милиционерлер ассоциациясынын 10 жылдыгына жана Коопсуздук, коомдук тартип жана мыйзамдуулук секторундагы Кыргыз айымдарынын Ассоциациясынын 5 жылдык маарекесине карата уюштурулган семинардын экинчи күнүнүн алкагында ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинде жардамы менен ассоциациянын мүчөлөрү үчүн эки жылдык иш- мерчеми иштелип чыккан, анда аны ишке ашыруунун бардык этаптары, ошондой эле семинардын жүрүшүндө айтылган көрсөтмөлөрдү ишке ашыруу боюнча конкреттүү чаралар каралган.
Мерчемде жетишкен макулдашуулар Кыргыз Айым милиционерлер ассоциациясынын жана Коопсуздук, коомдук тартип жана мыйзамдуулук секторундагы Кыргыз айымдарынын Ассоциациясынын ишине оң түрткү берет жана гендердик өкүлчүлүктүн абалын жакшыртууга көмөктөшөт. Ички иштер органдарындагы айымдардын ролу жана орду, ошондой эле алардын жөндөмүн жана салымын жогорулатуу, милицияга болгон элдин ишеним деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.
Семинардын соңунда, катышуучулар «Ынтымак» сейил багына көчөт отургузуп, бул демилгени «Зомбулукка каршы 16 күн» эл аралык акциясы менен дал келип, аны менен өлкөдө тынчтыкка, туруктуулукка жана коопсуздукка чакырышты.
ИИМдин Басма сөз кызматы